Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Tazabek онлайн-басма сөз жыйынына катышып, окурмандардын суроолоруна жооп берди

25 Бештин айы, 2015

Онлайн-басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Темир Сариев маалымдагандай, 2016-жылдан тарта мамлекеттик ипотекалык компания ишке киргизилет, ага жараша көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак-жай маселеси чечилет.

«Биз узак убакыт бою мамлекет үчүн кызмат кылган, бирок айлык акысынын аздыгына байланыштуу турак-жайга ээ боло албаган социалдык кызмат тармактын кызматкерлерине көмөк көрсөтүүнү каалайбыз. Коррупциялык механизмдерден четтөө максатында так критерийлер иштелип чыгып, иштин жалпы жүрүшүнө катуу көзөмөл киргизилет», – деди Премьер-министр.

­Окурмандардын суроолоруна жооп берүүдө Премьер-министр белгилегендей, өлкөнүн Өкмөтү КР Улутук банкы менен биргеликте зайымчыларга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат.

Темир Сариев “Кумтөр” ишканасына тийиштүү билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Centerra Gold Inc.» компаниясы тараптан кыргыз тарап үчүн ылайыксыз шарттар көтөрүлгөн.

«Кумтөрдүн» иши токтобой тургандыгына ишендирип кете алам, анткени иштин токтотулушу экологиялык жана экономикалык саркындыларды алып келет», – деди Өкмөт башчы.

Мындан тышкары, окурмандар тараптан энергетикалык маселе көтөрүлдү, ага байланыштуу Темир Сариев Өкмөт тараптан ойлонулган саясат жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр тармактарындагы жоготууларды төмөндөтүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда.

«Учурда электр энергиясына карата тарифтер аны өндүрүүгө кеткен чыгымдарды жаппайт. Ошондуктан биз жаңы генерациялык кубаттуулукту курууга кредиттерди алууга муктаж болуудабыз», – деди Премьер-министр.

Ошондой эле Өкмөт башчы Темир Сариевдин Россия «Камбар-Ата-1»  жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча милдеттенмелерин аткара албай калышы жана Кыргызстандын башка инвесторлорду издөө ыктымалдыгы тууралуу пикирине кызыгышты.

«Биз учурдагы Россиянын экономикалык абалынын татаалдыгын жана мурда жетишилген келишимдерди аткара албай калуу мүмкүндүгү бар экендигин түшүнөбүз. Буга байланыштуу башка инвесторлорду тартуу үстүндө иш алып барып, кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Алар жетиштүү», – деп эсептейт ал.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү