Премьер-министр Темир Сариев кышкы каникул учурунда балдар үчүн маданий программа уюштуруу тапшырмасын берди

29 Бештин айы, 2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиевага кышкы каникул учурунда балдар үчүн маданий программа уюштуруу тапшырмасын берди.

Иштиктүү жыйындын жүрүшүндө Темир Сариев алдыда 25 күнгө созулчу кышкы каникул учурунда мектеп окуучуларынын эс алуусун уюштурууга байланыштуу бир катар чараларды кабыл алуу тапшырмасын койду.

«Мектеп окуучуларынын алдында дээрлик бир айга жакын созулчу кышкы каникулда алар үчүн кызыктуу маданий жана спорттук багытты камтыган программа иштелип чыгуусу кажет. Мектептер алдында күндүзгү эс алуу лагерлерин ачуу мселесин карап чыгуу керек. Бул маселени уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да тартылышы тийиш. Өз кезегинде бул иш-чаралар балдарын жалгыз калтырууга аргасыз болуп жаткан ата-энелер үчүн жакшы көмөк болуп берет», – деди Премьер-министр.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине  жана КР Билим берүү жана илим министрлигине балдарды эс алдырууга, ден-соолугун спорт аркылуу чыңдоого жана тарбия берүүгө багытталган иш-чаралар жыйындысын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Белгилесек, кышкы каникулдар 31-декабрдан 24-январга дейре созулат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү