Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышты

29 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарындагы 12-кичи райондогу аскер кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.  Премьер-министр аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана аларга тиешелүү шартты түзүү мамлекеттин жана Өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин, бул жаатта жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Темир Сариев бул багыттагы иштер кийинки жылы да уланаарын билдирди.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, 81 батирден турган аталган  үй “Аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу” программасынын негизинде, 2015-жылдын 1-июлунда башталган. Учурда  курулуш толук кандуу жүрүп жатат.

Муну менен катар аталган аймакка 210 батирлүү үч көп кабатуу үй курулат. Мындан тышкары Ош шаарында 210 батирлүү көп кабаттуу үйлөр жана Баткен облусунда 90 батирлүү үй курулууда.

Темир Сариев салынган үйлөрдү борборлоштурулган жылуулук тутумуна кошуу боюнча ишти тездетүү зарылдыгын белгилеп, бул жаатта Бишкек шаарынын мэриясына тапшырма берди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү