Премьер-министр Темир Сариев Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун отчетун укту

30 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Турдубек Мамбетов өзү жетектеген мамлекеттик органдагы аткарылып жаткан иштер жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Турдубек Мамбетовдун маалыматы боюнча, быйыл республикалык бюджеттин капиталдык салымдар бөлүгүндө 38 обьектти  куруу каралса, жыл аягында 98 обьект курулду. Анын ичинен 25 мектептин ордуна 71 мектеп имараты пайдаланууга берилди.

Премьер-министр Темир Сариев Өкмөт алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишмердигине токтолуп, өлкөдө курулуп жаткан, айрыкча республикалык бюджеттин капиталдык салымдардын эсебинен курулган курулуштардын сапатына жана өз убагында бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле Темир Сариев кийинки жылы мектеп имараттарын курууда типтүү долбоорлордон башка, инновациялык мектептерди куруу жаатында иш алып баруу тапшырмасын берди. Муну менен катар Премьер-министр Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине 2016-жылы “Жеткиликтүү турак-жай” программасынын негизинде курулган турак-жайлар боюнча активдүү иш алып барууну тапшырды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү