Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү

31 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 31-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйында  “Кыргыз Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу жана эксплутациялоо боюнча келишимди денонсациялоо” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимди денонсациялоо» боюнча токтому каралды.

Бул токтом боюнча Экономика министринин орун басары Айбек Калиев баяндама жасады.

Айбек Калиевдин маалыматында, Россия тарап учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу келишимде көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды бөлүп бере албай турганын моюнуна алган.

Бул долбоорлордун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу мааниге ээ экенин жана электр энергиясынын кошумча кубаттуулуктарын өндүрүү зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимди денонсациялоо чечимин кабыл алды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү