Премьер-министр Темир Сариев 2016-Жаңы жылды “Ала-Тоо” аянтында борбор калаа тургундары жана меймандары менен бирге тосту

1 Үчтун айы, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында 2016-Жаңы жылды борбор калаа тургундары жана меймандары менен бирге тосту.

Темир Сариев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, 2016-жыл өлкө жана анын ар бир жараны үчүн эң мыкты жылдардан болушун тиледи.

“Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн жана элибиз үчүн ийгиликтүү жыл болсун! Элибиз аман, журтубуз эсен болсун. Жергебизге бакыт кушу консун”, – деген тилектерин билдирди Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев жана Өкмөт мүчөлөрү “Ала Тоо” аянтындагы майрамдык концерт жана салютка күбө болушту.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү