Состоялось совещание по исполнению бюджета за текущий период

14 Бирдин айы, 2012

Бүгүн, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов бюджеттин азыркы таптагы аткарылышын караган жумалык кеңешме өткөрдү.

Кеңешме учурунда бюджеттик милдеттенмелердин бардыгы өз учурунда аткарылып жаткандыгы белгиленди.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин айтымында, ушул жылдын январь айында мамлекеттик бюджетке 2 млрд. 315 млн. сом чогултуу каралган болсо, иш жүзүндө 2 млрд. 388,8 млн.сом чогултулуп, план 103,2% аткарылган. Бул салык жыйымдарынын көлөмү былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнөн 194,2 млн.сомго көптүк кылат.

2012-жылдын 13-февралына карата февраль айына коюлган пландын аткарылышы 35,1% түздү. Ушул ай ичинде 2 млрд. 597,1 млн.сом чогултулушу күтүлүүдө. Ошентип, январь-февраль айларына коюлган план жалпысынан 100,9% аткарылышы күтүлүүдө.

КР Социалдык фондусунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев ушул жылдын январында 1 млрд. 075 млн. 315,8 сом түшкөндүгүн, бул пландагыдан 225 млн. 315,8 сомго көп экендигин белгиледи. Ушул жылдын 13-февралына карата  630 508,1 сом түштү, бул күтүлгөн сумманын 52, 5% түзөт.

М.Абулгазиевдин сөзүнө караганда, ушул жылдын 13-февралына карата пенсиялардын каржыланышы 1 млн. 732 миң 912 сомду түздү жана 83,9% аткарылды.

Кеңешме учурунда Өкмөттүн “100 күндүк” жана 2012-жылга карата программасында коюлган милдеттерди аткарууга байланышкан маселелер талкууланды.

Кеңешмеге вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика жана антимонополиялык саясат министри Темир Сариев, каржы министри Акылбек Жапаров, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев ж.б.катышты.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү