КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинде 2015-жыл жыйынтыгы боюнча жакшыруу орун алган»

13 Чын куран, 2016

Бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу – министр Нурханбек Момуналиев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы аткаруу тартибинин абалы боюнча жыйын өткөрдү. Анда Нурханбек Момуналиев 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткарган иштери тууралуу толук маалымат берди.

«Алсак, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты республиканын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында аткарууда 12753 тапшырма турган, аткарылганы – 12109. Тапшырманын саны  дээрлик эки эсеге көбөйгөнүнө карабастан, алдыга карай жылыштар байкалды»,-деди Нурханбек Момуналиев.

Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ведомстволук сыйлыктары менен айрым кызматкерлер сыйланышты:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:

  1. Утурова Динара Джолдошовна – экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  2. Бакиров Амангелди Сайдимаматович – коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
  3. Давлеталиева Надежда Степановна – өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
  4. Жалгасова Екатерина Мухангалиевна – мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;
  5. Ташболотов Максатбек – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Грамотасы менен:

  1. Айдарбеков Айбек Акматбекович -Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  2. Масаидов Бекмаат Юлдашевич – уштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору;
  3. Осмонов Максат Кошоевич – курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
  4. Сыдыков Улан Данилович – финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти.

Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын аткарган иштери сапаттык жактан мындан да бир топ жакшырышына ишеним артарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү