Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Өкмөт Балыкчы − Чолпон-Ата-Корумду жолун курууга каражат издештирүүдө»

28 Чын куран, 2016

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин жыйынында. депутаттардын суроосуна жооп берүүдө билдиргендей, бардык иликтөө иштери жыйынтыкталган соң Балыкчы − Чолпон-Ата-Корумду жолу боюнча жооптуулар аныкталат.

Өкмөт башчы белгилегендей, автожолдун аталган тилкесин реконструкциялоо Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн зарыл.

«Учурда Өкмөт Балыкчи − Чолпон-Ата-Корумду жолун курууга каражат издештирүүдө. Курулуш компаниясы менен 6,8 млрд сомдук келишим түзүлгөн, биз 10% төлөп берүү милдеттенмесин алганбыз, бирок болгону 180 млн сом төлөнүп берилди. Азыркы түзүлгөн абалдан алып караганда, биз кытай компаниясынын тейлөөсүнөн баш тарта албайбыз, анткени бул учурда өлкө бюджетине зыян келтирилет. Алар менен келишим бузулган учурда биз компанияга 2,5 млрд сом төлөп берүүгө мажбур болобуз. Быйылкы жылы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, көптөгөн чет элдик коноктор жана туристтердин келүүсү күтүлүүдө. Буга байланыштуу жол өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тийиш», -¬ деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү