Айбек Асанов Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп дайындалды

3 Кулжа, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Асанов Айбек Кадырович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп дайындалды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү