Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Жергиликтүү экспортерлор жогорку сапатты жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмүн камсыздоосу зарыл

15 Теке, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы жакында түзүлгөн «Мангел» айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты.

Аталган кооперативдин жетекчиси Карыпбек Асанов маалымдагандай, 64 үй-бүлө (256 адам) кооператив мүчөсү болуп эсептелет. Ал кооперативдин иши жана анын материалдык-техникалык жабдуусу боюнча маалымат берди. Тактап айтканда, техникаларды көрсөтүп, өстүрүлгөн арпа жана буудайдын көлөмүн жогорулатуу боюнча пландары тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күндө кооператив 251 гектар жерге арпа, буудай эккен. Келечекте өз продукциясын ЕАЭБ рыногуна сатуу аркылуу өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу, ошондой эле мал жана үрөнчүлүк чарбаларын түзүү пландаштырылууда.

Премьер-министр өлкөнүн бардык аймагында кооперативдерди түзүү жана айыл чарба кооперативдерине узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды, лизинг негизинде техника берүү иретинде мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Атамекендик айыл чарба продукциясынын экспортун өнүктүрүү жана колдоого алуу үчүн эки талапка:  жогорку сапатты жана айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмүн камсыздоо боюнча талапка жооп берүү зарыл», – деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн аталган талаптарга өзгөчө басым жасоого чакырды.

Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев жана Нарын облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана башкалар коштоп жүрүшөт.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү