Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тайлак Баатырдын күмбөзүн реставрациялоо ишинин жүрүшү менен таанышты

15 Теке, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тайлак Баатырдын күмбөзүн (мавзолейи) калыбына келтирүү иштеринин  жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүүнү, ошондой эле күмбөздүн тегерек-четин көрктөндүрүүнү тапшырды. Ал белгилегендей, зарыл болгон учурда бул максатта кошумча каражат бөлүнөт.

Маалымдалгандай, реставрациялык иштер үстүбүздөгү жылдын 28-июлуна карата жыйынтыкталат.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары Жаманкул Галдыбаев маалымдагандай, реставрациялоо иштерин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргызреставрация» илимий-иликтөө институту жүргүзүүдө.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы аркылуу жарыяланган Тарых жана маданият жылы алкагында үстүбүздөгү жылы бир катар маданий-тарыхый иш-чаралардын өткөрүлүшү пландаштырылган, алардын катарында Тайлак Баатырдын 220-жылдыгын белгилөө да каралган.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү