Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун куруу ишинин жүрүшү менен таанышты

15 Теке, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекет өлкөдөгү жолдорду реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул максатта бюджеттик каражаттар бөлүнүүдө, ошондуктан негизги талаптардын бири катары сапаттуу ишти камсыздоо болуп саналат.

«Бишкек-Нарын-Торугарт» жолу өлкөнүн транспорттук артериясы катары республиканын үч облусун – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусун бириктирип турат. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-чыгыш багытына транзиттик кыймылды камсыздап, Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган эки негизги трассанын бири катары Пакистан жана Индия океанынын портторуна чыгууга мүмкүндүк берип, Россия жана Казакстанга аталган портторго чыгууга шарт түзөт», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана келечекте бүткөрүлгөн тилкелерди кайрадан жасап чыгууга жол бербөө максатында курулуш иштери бардык техникалык талаптарды сактоо менен сапаттуу жүргүзүлүшү тийиштигин кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыкташат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министрге иштин сапатын такай көзөмөлдөп туруу жана ишке жалданган компаниялар тараптан долбоор шарттарынын аткарылышына катуу талап коюу тапшырмасын берди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу[/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү