Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна барды

15 Теке, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна барды.

Борбордун директору Ишенбек Алмамбетовдун маалыматына ылайык, борбор азырынча аккредитация процедурасынан өтө элек, учурда бул максатта тийиштүү иштер жүрүүдө.

Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдеттенмелерди алган, алардын катарында өлкөдө эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу кирет. Буга байланыштуу ЕАЭБге интеграциялашуу алкагында тийиштүү инфраструктураны өркүндөтүү боюнча чаралар ишке ашырылышы керек.

Премьер-министр борборду ЕАЭБ стандарттарына дал келтирүү үчүн модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү