Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунда мектептин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет Адрахманов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мектептин курулушуна багытталган каражаттар өз убагында бөлүнүүдө, ошондуктан ишке жалданган компаниядан мектептин курулушун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, 2016-жылга карата бюджеттен мектептин курулушуна 32 млн 400 миң сом каралган.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарынын суу тазалоочу жайын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдиргендей, суу тазалоочу жайды модернизациялоо боюнча долбоор эл аралык финансылык институттардан тартылган каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=78378