Фоторепортаж – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапары менен Нарын областына барды

15 Теке, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда бир күндүк жумушчу сапары менен Нарын областына барды. 

Сооронбай Жээнбеков  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы   жумушчу сапарынын алкагында облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана  Ак-Талаа районундагы  «Мангел» айыл чарба кооперативине барды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет Адрахманов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Андан соң Нарын шаарынын суу тазалоочу жайын реконструкциялоонун жүрүшүн көрдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тайлак Баатырдын 220 жылдыгына карата даярдыктардын алкагында  Тайлак баатырдын  күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин  жүрүшү менен таанышты.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү