Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Москва шаарында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүлдү

28 Баш оона, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, кеңешме өткөрдү, анда Өкмөт алдында КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жетекчилик кылган Москва шаарында курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча, курман болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайы борт бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топ бүгүн, 28-августта, Москва шаарына учуп кетет. Топтун курамында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн дарыгерлер, психологдор бар.

Курман болгондордун сөөгүн алып келүү, жерге берүүгө байланыштуу чыгымдарга тийиштүү бардык маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.

Кеңешмеде КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымдагандай, каза болгондордун сөөгүн таануу боюнча иштер жыйынтыкталды. КР ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин маалыматына ылайык, 14 адам курман болуп, 3 адам жабыркаган.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү