Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен барат

28 Аяк оона, 2016

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Нарын облусуна  бир күндүк жумушчу сапары менен барат.

Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышат.

Андан соң Премьер-министр  республикадагы алыскы аймак эсептелген Ат-Башы районуна барат, анда сүт заводунун ишмердүүлүгү, техникалык тейлөөсү жана айылдык орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү