Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды

23 Бештин айы, 2016

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-декабрда кол койгон  буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү