Рустам Курманов КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду

23 Бештин айы, 2016

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон  буйрукка ылайык, Курманов Рустам Абдыкайыпович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан учурдагы антикоррупциялык мыйзамдын талаптарын сактоого тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Анын жүрүшүндө Депратаменттин ишинде одоно жана финансылык мүнөздөгү көп сандаган эреже бузуулар аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү