Онтарионун Апелляциялык соту (Канада) «Centerra Gold Inc.» канадалык компаниясынын бенефициардык менчик акциясы маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын жана «Кыргызалтын» ААК пайдасына чечим чыгарды

4 Үчтун айы, 2017

Мындан мурдараак төрт эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдүн доочулары: «Манас Банк» ЖАК акционери В.Белоконь, «Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi» түрк компаниясы, «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен компаниясы жана «Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc.» түрк компаниясы Онтарионун (Канада) Жогорку сотуна Канаданын аймагында «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК акциясынын эсебинен Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган эл аралык арбитраждык чечимди аткаруу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Доочулардын айтымында, канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акциясы юридикалык жактан «Кыргызалтын» ААКга таандык болгондугуна карабастан, иш жүзүндө акциянын менчик ээси Кыргыз Республикасы болуп саналат, ошондуктан Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган арбитраждык чечимдер канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акциялардын эсебинен төлөтүп алуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Онтарио Жогорку соту 2016-жылдын 11-июлундагы өз чечими аркылуу доочулардын аргументтерин четке кагып, Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК атына катталган канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларынын менчик ээси болуп саналбайт деп тааныды.

Онтарио Жогорку сотунун жогорудагы чечимине макул болбогон доочулар Онтарио Апелляциялык сотуна (Канада) кайрылышты.

2016-жылдын 29-декабрында Онтарионун Апелляциялык соту соттук кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча жалпы доочулардын өтүнүчүн четке кагып Онтарио Жогорку сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Натыйжада, көрсөтүлгөн төрт арбитраждык чечимдер да, Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган келечектеги арбитраждык чечимдер да «Кыргызалтын» ААКга тийиштүү канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акциялардын эсебинен төлөтүп алуу аркылуу аткарылбайт.

Аталган чечим чыгарылган мөөнөттөн тарта күчүнө кирет.  Теоретикалык жактан доочулар Онтарио аппеляциялык сотуна аталган чечимди Канаданын Жогорку сотунда кайрадан кароо өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн, бирок Канаданын Жогорку соту соттук чечимдерге  даттануу боюнча ишти айрым гана учурларда карайт.

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы, «Perley-Robertson, Hill & McDougall» канадалык юридикалык компаниясы жана жергиликтүү «Сатаров, Аскаров и Партнеры» юридикалык фирмасы аркылуу корголууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Сот өкүлчүлүк борбору