Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Материалдык резервдер фондунун төрагасы Гуламжан Анарбаевди кабыл алды

5 Үчтун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы  Гуламжан Анарбаевди кабыл алды.

Анда Фонддун ишмердүүлүгү жана жакынкы мезгилде аткаруучу милдеттери талкууланды.

Гуламжан Анарбаев маалымдагандай, мекеме тарабынан өлкө аймактарындагы үрөн сактоочу жайларды модернизациялоо, реконструкциялоо жана дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.  Ал белгилегендей,  бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер  фондунун астындагы дебитордук карыздын суммасы  1млрд сомго жакын.  Аларды жоюу боюнча көптөгөн материалдар сот-өндүрүшүнүн  кароосунда турат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул багытта ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы товарларды ташып келүүдөгү жана сактоодогу кызмат көрсөтүүлөрдүн каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында бул багытта тыкыр анализ жасоону жана анын жыйынтыгында Фонддун сактоочу базаларынын ишмердүүлүгүн  оптималдаштыруу зарылдыгын билдирди.

Өкмөт башчы өткөн жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишинде ундун талаптагыдай сакталбагандыгына байланыштуу көйгөйлөр орун алып, коомчулукта нааразычылыкты пайда кылып, жалпысынан аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүргөндүгүн эскертти. Сооронбай Жээнбеков келечекте мындай фактыларга жол бербөө боюнча тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырды.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жетекчисине “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамынын алкагында бардык керектүү инфраструктурага ээ Токмок шаарындагы Материалдык резервдер фондунун кампасынын базасында заманбап логистикалык борборду куруу боюнча тийиштүү сунуш киргизүүсү тапшырылды. Заманбап логистикалык борборду курууда атамекендик фермерлердин продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттоо мүмкүндүгү пайда болот.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү