2017-жылы курулушу токтоп калган социалдык обьектилерди бүтүрүүгө басым жасалат

31 Үчтун айы, 2017

Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева 2016-жылдагы  республика боюнча мектептердин курулушу жана 2017-жылга социалдык обьектилерди куруу боюнча маалымат-жыйын беришти.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев  маалымдагандай, быйылкы жылы курулушу мурда башталып, бүтпөй калган социалдык обьектилер бүткөрүлөт.

Ал белгилегендей, 2016-жылы республика боюнча  жалпысынан 77 мектеп пайдаланууга тапшырылган. Мындан тышкары өлкө боюнча 100 мектеп капиталдык ремонттон  өткөрүлгөн. Ал эми 2017-жылы жалпысынан 327 курулушу токтоп турган социалдык обьектилерди бүткөрүү пландаштырылууда.  Анын ичинде 249 обьекти республикалык бюджеттен, 78 обьект «Жерүй» эсебинен каржылоосу каралган.

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева белгилегендей, 2017-жылы мурда курулушу башталган 192 мектепти бүткөрүү пландаштырылган. Үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кошумча 28 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткүлөт.  Ошондой эле быйылкы жылы  750 мектеп  Интернет байланышы менен камсыздалат. Билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын колдонуу максатында бардык мектептер «Билим-Илим» санариптик каналына  туташтырылат.

Жаңы салынып жаткан мектептерди бирдиктүү типтүү долбоор менен салуу тапшырмасына ылайык, курулуп жаткан бардык мектептерде спорттук зал, жыйындар залы, ашкана жана керектүү заманбап  жабдыктар менен жабдылууда.

Гульмира Кудайбердиева билдиргендей, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан  билим берүү тармагына, анын ичинде мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга  өзгөчө көңүл бурулууда.  Алсак акыркы беш жыл аралыгында республика боюнча 261 мектеп салынып, менчиктештирилип кеткен 198 бала бакчалар мамлекетке кайтарылган.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү