Премьер-министр Өмүрбек Бабанов встретился с жителями Иссык-Кульской области

30 Жалган куран, 2012

Бүгүн, 30-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Каракол шаарында облустун эли менен жолугушуу өткөрдү.

Ө.Бабанов жолугушууга келгендерге Өкмөттүн 100 күндүк иш планынын негизинде аткарылган жумуштар, ушул жылдын май жана сентябрь айларында пенсиялар көтөрүлөөрү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттер берилип жаткандыгы жана начар турмушта жашагандарга микрокредиттөө аркылуу колдоо көрсөтүү максатында дагы 1 млрд. сом эсебинде каражат бөлүнө тургандыгын айтты.

Өкмөт башчы экономиканы өнүктүрүү максатында өлкөгө инвесторлорду тартуу боюнча көп жумуштар жүрүп жаткандыгын белгилеп, элдин колдоосуз эч бир реформа ийгиликтүү болбой тургандыгын айтты. Премьер-министр элге кайрылып, башталган реформаларга колдоо көрсөтүп, аларды иш жүзүнө ашырууда активдүү катышып берүүгө чакырды.

Облустун орчундуу көйгөйлөрүнө көңүл буруп, Ө.Бабанов Түп-Кеген автожолун бүтүрүүнүн зарылдыгына токтолду. Буга чейин бул жолго 74 млн. сом сарпталган. Түп-Кеген жолу айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн товарларын коңшулаш өлкөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк ачат.  Ысык-Көл облусу Кыргызстандагы туризмдин борбору болгондуктан анын инфраструктурасын жакшыртуу керек. Бул жылы облустун туристтик дараметин көтөрүү максатында облуска инвесторлорду тартуу маселесинин үстүнөн Өкмөт иш алып барууда.

Жолугушуу учурунда Премьер-министр элдин суроолоруна жооп берип, сунуш пикирлерин укту.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
 маалыматтык саясат бөлүмү