Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков келди

6 Жалган куран, 2017

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация келди.

Беларусь Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Беларусь Республикасынын  Премьер-министри Андрей Кобяков 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

  

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү