ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш чарага катышты

21 Жалган куран, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамын майрамдоого арналган майрамдык иш чарага катышты. Ал кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз» майрамын майрамдоонун алкагында «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада аткаруучуларынын театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программасы тартууланды.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү