Чингыз Кубатбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду

29 Жалган куран, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык буйрукка кол койду, анда Кубатбеков Чингыз Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү