Сагынбек Исмаилов жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

20 Чын куран, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Исмаилов Сагынбек Сардарбекович  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү