Джумагуль Эгамбердиева Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

6 Кулжа, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык,  Эгамбердиева Джумагуль  башка ишке которулгандыгына  байланыштуу Кыргыз Рекспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү