Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстанга келди

6 Теке, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, «CASA-1000» долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына келди.

«Дүйшөмбү» эл аралык аба майданынан Өкмөт башчысын Тажикстандын Вице-премьер-министри  Азим Иброхим тосуп алды.

Мындан тышкары, «CASA-1000» энергетикалык долбооруна катышуучу өлкөлөрдүн Саммитине катышуунун алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани жана Тажикистан Республикасынын  Президенти  Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

 маалыматтык камсыздоо бөлүмү