Вице-премьер-министр Олег Панкратов ПРООНдун жаңы администратору Штайнер менен жолугушту

12 Теке, 2017

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов  Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышуунун алкагында Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жаңы администратору Ахим Штайнер менен жолугушту.

Нью-Йорк шаарындагы БУУ башкы штаб-квартирасында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулады. Атап айтканда ЮНДАФ (БУУ өнүгүү максаттарына колдоо көрсөтүү боюнча программасы) программасын ишке ашыруу, улуттук өнүгүү программалык документтери жана долбоорлор анын ичинде  «Таза Коом» программасы боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Жолугушууда негизги көңүл Бишкек шаарында өтүүчү  Ак илбирсти сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк экинчи форумду өткөрүүгө бурулду.

ПРООН администратору Ахим Штайнер  Кыргызстандын  Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгесине ыраазычылык билдирип, ПРООН Кыргыз Республикасында өтүүчү  аталган иш чараны колдой тургандыгын билдирди.

Маалымат үчүн: ПРООН администратору Ахим Штайнер  2017-жылдын 19-апрелинде аталган кызматка дайындалган. Буга чейин ал Мартина Оксфорд университетинин Оксфордук мектебинин директору, Баллиол-колледжинин профессору болуп иштеген. Буга чейин Ахим Штайнер БУУ Баш катчысынын орун басары кызматын ээлеген.  Кенияда айлана чөйрөнү коргоо боюнча БУУ программасынын аткаруучу директору болгон.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү