Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы

SAB_6370sЭСЕНГУЛ уулу Чынгыз

1987-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.

Билими жогорку. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистиги боюнча, К. Дыйканбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамилелер» адистигин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2006 ж. – Нарын ш. «Теңир – Тоо» радиостанциясында программалардын кабарчысы жана алып баруучусу

2006-2007 жж. – Нарын ш. «Алмаз – Нарын» радиостанциясында программалардын кабарчысы жана алып баруучусу

2007-2008 жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала–Тоо»  маалымат-аналитикалык борборунун кабарчысы

03-09.2008 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын консультанты

2008 ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Белес» радиостанциясындагы жаңылыктар бөлүмүнүн редактору жана алыпбаруучусу

2008-2009 жж. – «БАМ» Жоопкерчилиги чектелген коомчулугунда программалардын чыгаруучу редактору жана алып баруучусу

2009-2011 жж. – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала–Тоо» маалыматтык программалар дирекциясында жанылыктардын жоопкерчиликтүү чыгаруучу редактору жана алып баруучусу

2009-2011 жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  маалымат катчысы (айкалыштыруу менен)

2011-2012 жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси

2012-2012 жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, маалымат башкармалыгы, атташеси

2013-2016 жж. – «Актив Курулуш» Мүмкүнчүлүгү чектелген коомчулуктун директору

2016-2017 жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин маалымат катчысы

2017-жылдын 10-октябрынан баштап – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы

2018-жылдын майынан бери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы