Кен пайдалануу секторунун башчысы

SAB_3930ыУКУБАЕВ Эльмырза Аманбекович

1987-жылы 27-сентябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Түз кыштагында туулган.

Билим жогорку. 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Тоо-кен иштери жана тоо технологиялары институтун «тоо инженери-пайдалуу кендерди байытуу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2011-2012-жж. – «Кыргыз Химия-Металлургиялык Заводу», жер боюнча долбоорунун жетекчиси

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгы, тоо-кен тармагын көзөмөлдөө бөлүмү, башкы адис

2013-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгы, жер казынасын пайдалануу саясаты бөлүмү, башкы адис

09-11.2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгы, жер казынасынын саясаты бөлүмү, бөлүм башчы

2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги, Кендерди жана тоо-кен өнөр жайын коргоо башкармалыгы, башкы адис

06-08.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги, жер каызынасын пайдалануу инспекциясы бөлүмү, башкы инспектор

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгы, башкы адис

03-08.2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмү, эксперт

2017-жылдын октябрынан бери  —  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казнасын пайдалануу бөлүмү, кен пайдалануу сектору, сектор башчысы