Вице-премьер-министри

Кенекеев  Дайыр Атакулович, 1974-жылдын 24-майында   туулган, Талас  облусунун Бакай-Ата  районунун  Өзгөрүш айылы.

Билими: Жогорку

Кыргыз мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин 2002-жылы.

Кыргызстан Эл аралык университетинин Дипломатиялык жана Эл аралык укук боюнча Магистратуранын Жогорку Мектебин 2001-жылы.

Кыргызстан эл аралык университетинин Дипломатиянын жана Эл аралык укук боюнча   Жогорку мектебин 1999-жылы аяктаган.

Кесиби           “”Мүлктү баалоо жана башкаруу” , “Эл аралык мамилелердин Магистри” жана “Эл аралык мамилелердин Бакалавры

Илимий даражасы, илимий наамы:

Класстык чини          Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчиси

Сыйлыктары:

2016-жылдын 10-июнунда “Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 90 жылдыгына карата” төш белгиси.

2016-жылы Кыргызстан аялдар коомдук бирикмесинин “Ардак грамотасы”.

2016-жылы КР Улуттук банктын “Кызматташуу үчүн”  медалы.

2016-жылдын 30-августунда КР каржы министрлигинин “Экономиканын отличниги” төш белгиси.

2017-жылдын 23-январында КР Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы”

ЭМГЕК    ЖОЛУ:

1993-1994-ж.ж. “Оргочор мамлекеттик асыл-тукум заводу

Асыл- тукум малдардын эсебин алуу боюнча зоотехник

11.01-21.12.1999-ж   ОАО “ARPA BGI BBC” кыргыз-француз биргелешкен ишканасы

Башкы  директордун орун басарынын ассистент- котормочусу

1999-2001-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын чет элдик инвестициялар жана экономикалык өнүгүү Мамлекеттик комитетинин (Маминвестком)       Инвестицияларды  иштетүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси

2001-2002-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети (Маммүлк)           Түз инвестицияларды тартуу борборунун  башкы адиси

2002-2003-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети (Маммүлк),          Түз инвестицияларды тартуу борборунун “one-stop-shop” инвесторлорго көмөк көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы

2003-2004-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети (Маммүлк),          Түз инвестицияларды тартуу борборунун директордун орун басары

10.06.2004 – 30.12.2004-ж    Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода  министрлиги Инвестициялык  саясат бөлүмүнүн башчысы

2004 – 2005-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода  министрлигинин алдындагы Монополияга каршы Мамлекеттик саясат департаменти Директордун  орун басары

2005 – 2006-ж.ж.         Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат жана конкуренттүүлүктү өнүктүрүү боюнча Улуттук агентствосу             Директордун  орун басарынын милдетин аткаруучу

2006 – 20010-ж.ж.       “Бишкек тажрыйбалык-эксперименталдык механикалык завод” акционердик коому            Директорлор  кеңешинин төрагасы

2010 – 2011- ж.ж         Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы    Экономикалык  өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти

11.01.2011 – 10.06.2011-ж.   Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган мүлктү башкаруу Фонду     Министрдин  орун басары

10.06.2011 – 24.12.2011-ж.   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Министр

2011 – 2014-ж.ж.         “Газпромнефть-АЭРО Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому       Директорлор  Кеңешинин мүчөсү.

11.01. 2013 – 29.05.2015-ж   “Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы” Жабык акционердик коому             Директорлор  Кеңешинин мүчөсү.

02.08.2014 – 29.05.2015-ж.            “Газпромнефть-АЭРО Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому Директорлор  Кеңешинин төрагасы

29.05.2015 – 20.06.2016-ж.ж.            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппараты            Биринчи  орун басары

20.06.2016 – 25.10.2017 – жж.         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты              Ыйгарым  укуктуу өкүл

25.10.2017 – жылдан  баштап бүгүнкү күнгө чейин   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү           Вице-премьер-министр