Чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүм башчысынын орун басары

SAB_4990sСАРАЛАЕВА Жанна Урматовна

1968-жылы 1-октябрда Нарын облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.

Билими жогорку. В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун «немец тили» адистиги боюнча аяктаган, 2010-жылы Ош Мамлекеттик юридикалык институтун «юриспруденция» адистиги боюнча, 2011-жылы – Ош мамлекеттик университети «психология» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991 – 1991-жж. — Республикалык куурчак театры, педагог — уюштуруучу

1991 -1992-жж. — Бишкек шаардык №40 орто мектеби, немец тили мугалими

1992 — 1996-жж. — Республикалык куурчак театры, педагог — уюштуруучу

1996 — 1997-жж. — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация, социалдык бөлүмдүн референти

1997 – 1997-жж. — КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык жеке менчик агенттиги, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча инспектор

1997 — 1998-жж. — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына караштуу Аялдар демилгелери борбору, директор

1998 — 2002-жж. — Жалал-Абад облусундагы «Мамлекеттик бийликти ажыратуу» БУУ Өнүктүрүү Программасы, БУУ улуттук ыктыярчысы, өнүктүрүү боюнча райондук жумушчу

2002 — 2005-жж. — Жалал-Абад облусундагы «Превентивдик өнүктүрүү» БУУ Өнүктүрүү Программасы, аймактык координатор

2005 — 2011-жж. —«Жалал-Абад Лидер-Айымдары» Ассоциациясы, президент

02.2011 — 12.2011-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмү, эксперт-консультант

12.2011 – 01.2013-жж. — «Кыргызстандын Тынчтык түзүүчү-Айымдар» Ассоциациясы, төрайымы

01.2013 — 11.2015-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттешүү, эксперт

11.2015 — 01.2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы

01.2017-11.2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү, бөлүм башчы

2017-2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторунун башчысы

2018-жылдын октябрынан тарта - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүм башчысынын орун басары