Кырдаалды талдоо секторунун башчысы

ТӨЛӨНОВ Расул Арапбаевич

1985-жылы 28-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында туулган.

Билими жогорку. Кыргызстандын Эл аралык университетин «юрист» адистиги боюнча аяктаган, эл аралык укук магистри.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2007-2008-жж. – Бишкек шаардык Свердлов райондук прокуратурасы, коомдук башталыштагы жардамчы

2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, мыйзамдуулукту көзөмөлдөө жана коррупция башкармалыгы, коомдук  башталыштагы жардамчы

01 — 12.2011-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, тышкы саясат бөлүмү, стажер

01 — 07.2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, тышкы саясат бөлүмү, стажер

08 — 10.2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, ишмердикти камсыздоо тобу, адис

2012 — 2016 –жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол сектору, референт

2016 — 2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол сектору, эксперт

2017-жылдын ноябрынан бери — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол сектору, сектор башчысы

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси жана «II класстагы биринчи катчы» дипломатиялык рангында.