Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары

КАЛЫБАЕВ Майрамбек Макулбекович 

1980-жылы 5-мартта Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылында төрөлгөн.

Билими жогорку. 2001-жылы Кыргыз агрардык академиясын «инженер-жерге жайгаштыруучу», 2014-жылы – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, магистратура, «юрист» адистиги боюнча.

Эмгек ишмердүүлүгү:

01-03.2002-ж. – Талас шаардык Мамлекеттик каттоо башкармалыгы, укуктук кадастр боюнча адис;

2002-2005 жж. – Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Талас аймактык борбору, башкы адис

2005-2005-жж. – «Айгюн Инщаат Лтд» ЖЧКсы, курулуш боюнча мастер

2005-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоосуна караштуу жердин пайдаланылышын жана коргоосун мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча инспекция,                       I категориядагы адис, жетектөөчү адис–улук инспектор

2008-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоосу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча департаменти, жетектөөчү адис;

2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү, эксперт;

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча департаменти, башкы адис;

2013-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү, эксперти;

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы, эксперт;

2017-жылдын ноябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары.