ТҮЛӨБЕРДИЕВ Ренат Темирбекович

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Докон айылында 1980-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Туризм академиясынын менеджмент адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу

  • 2000-2001-жж. “Пери” ТКнын аткаруу директору.
  • 2005-2006-жж. Менеджер, № 1 мамрезиденциясынын бөлүм башчысы.
  • 2006-2009-жж. өндүрүш бөлүмүнүн референти, башчынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.
  • 2009-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.
  • 2009-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын долбоорлоо кызматынын эксперти.
  • 2010-2014-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 1 мамлекеттик резиденциясынын директорунун орун басары, директор.
  • 2014-2016-жж. Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу.
  • 2016-жылдын 26-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары.