Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы

SAB_1767sАРАЕВ Азамат Муратович

1978-жылы 8-апрелде Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин «юриспруденция» адистиги боюнча, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Милициянын полковниги.

Эмгек жолу:

1999-2000-жж. – Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу

2000-2001-жж. – Бишкек шаардык Октябрь районунун шаардык 10-милиция бөлүмүнүн кылмыш издөө бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу (улук эсебинен)

2001-2002-жж. – Бишкек шаардык Октябрь райондук РИИБ кылмыш издөө бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу

2002-2004-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик комиссиясына командировкаланган

2004-2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинин ыкчам-издөө бюросу, өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу

2005-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинин ыкчам-издөө бюросу, 1-ыкчам бөлүм (уюшкан кылмыштуулук, баңги ишкердигинин лидерлери жана авторитеттери менен күрөш), ыкчам ыйгарым укуктуу

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тескемесинде

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Транспорттогу ички иштер башкармалыгы, ички иштер органдарынын темир жол транспортунда баңгизаттары менен күрөшүү бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын Инсандарга карата кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгы, адам сатуу жана чет элдик жарандарга каршы кылмыштар менен күрөшүү бөлүмү, ыкчам ыйгарым укуктуу

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ КИББ, адам сатуу жана чет элдик жарандарга каршы кылмыштар менен күрөшүү бөлүмү, улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ КИББ, адам уурдоо жана сатуу, чет элдик жарандарга каршы кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмү, өзгөчө маанидеги иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тескемесинде

2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Транспорттогу ички иштер башкармалыгы, РИИБ аба транспортундагы кылмыш издөө бөлүмү, начальник

2008-ж. — Кыргыз Республикасынын ИИМ Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын тескемесинде

2008-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ КИББ Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы, чет элдик жарандар тарабынан жана чет элдик жарандарга карата жасалган кылмыштарды ачууну уюштуруу бөлүмү, өзгөчө маанидеги иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2009-ж. –  Кыргыз Республикасынын ИИМ КИББ мүлк кылмыштарына каршы курөштү уюштуруу башкармалыгы, жашы жете электердин жана чет элдик жарандардын арасындагы кылмыштарга каршы күрөштү уюштуруу бөлүмү, улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ КИББ Уюшкан кылмыштуулук жана баңги ишкерлигине каршы күрөш башкармалыгы, уюшкан баңги кылмыштуулугун көзөмөлдөө бөлүмү, өзгөчө маанидеги иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2010-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ, Батыш башкармылыгынын (Бишкек ш.) Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү башкы башкармалыгы, өзгөчө маанидеги иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын Ыкчам-издөө башкы башкармалыгы, 2-бөлүм (эл аралык жана ведомство аралык өз ара аракеттешүү), начальник

2011-ж. – Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын Ыкчам-издөө башкы башкармалыгы, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы, начальниктин милдетин аткаруучу

2011-2013-жж.- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын Ыкчам-издөө башкы башкармалыгы, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы, начальник

2013-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Батыш Башкармалыгы, начальниктин милдетин аткаруучу

2014-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ тескөөсүндө

2015-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Транспорттогу ички иштер башкармалыгы, аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн начальниги

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ, Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы (башкы башкармалык укугунда), начальник

2017-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ, Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы (башкы башкармалык укугунда), начальник

2017-жылдын декабрынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, бөлүм башчы