Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары

КЫДЫРАЛИЕВ Марат

1977-жылдын 22-августунда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында туулган.

Билими жогорку. 2001-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетин «тарыхчы-окутуучу» адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.

Эмгек жолу:

2001-2004-жж. – Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университети, Аспирантура, күндүзгү бөлүм
2004-2006-жж. – Жеке ишкерлик
2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы-басма сөз кызматы, эксперт
2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, басма сөз кызматы, эксперт
2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, сектор башчысы
май-авг. 2010-жыл – Бишкек шаардык мэриясы, маалымат жана жарнама департаменти, башкы адис
авг.-дек. 2010-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, маалыматтык-координациялык борбор, мониторинг жана жооп кайтаруу сектору, референт
2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, маалыматтык саясат бөлүмү, эксперт
2013-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, эксперт
июнь-дек. 2015-жыл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин консультанты
2015-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, эксперт
2017-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү, эксперт
2018-жылдын январынан ушул мезгилге дейре – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.