Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары

ДЖАНУЗАКОВ Адилет Канатович 

1986-жылы 4-июлда Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 2009-жылы Россия Федерациясынын (Москва ш.) Коргоо министрлигинин Аскер университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган, адистешүүсү – «юрисконсульттук иш» (артыкчылык менен). Аскер кызматында 2004-жылдын бери турат.

Эмгек жолу:

2009-ж. — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Токмок шаардык аскер бөлүгү, командирдин укуктук иштер боюнча жардамчысы – юрисконсульт

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, укуктук камсыздоо башкармалыгынын офицери

2011-2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук офицери

2012-ж. — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тутумунда кызмат ордунда калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына командировкаланган

2013-2017-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, инспектор

2017-жылдын ноябрынан бери — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары (Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кадрларында калтыруу менен)

Кошумча маалымат:

Юстициянын подполковниги аскердик наамына ээ

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ