Укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы

БЕКТАШОВ Талантбек Изатиллаевич

1986-жылы Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында туулган.

Билими жогорку. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын укук жана ишкерлик факультетин  «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган

Эмгек ишмердүүлүгү:

2008-ж. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, басма сөз катчысынын м.а.

2009 — 2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Нотариат, адвокатура менен иштөө башкармалыгы, Борбордук-күрөө каттоо конторасы жана Мамлекеттик соттук экспертизалардын борбору, алдыңкы адис

2010 — 2013-жж. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, мыйзамдык актылардын долбоорлорунун экспертизасы башкармалыгы, алдыңкы адис, башкы адис

2013 — 2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, мыйзамдык актылардын долбоорлорунун экспертизасы башкармалыгынын калкты документтештирүү тармагында саясатты иштеп чыгуу бөлүмү, бөлүм башчы

04 — 12.2016-жж. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорунун экспертизасы Башкармалыгынын ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана калкты каттоо, мүлк укугу жана архив тармагында саясатты иштеп чыгуу бөлүмү, бөлүм башчы

2016 — 2017-жж.  — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, эксперт, башкы эксперт

07 — 11.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин ишин камсыздоо боюнча секторунун экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, бөлүм башчы

2017-жылдын ноябрынан бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификация сектору, сектор башчысы

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси