Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги

2-тиркеме

Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

(Исаков С.Ж.)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.

2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

(Шадиев А.А.)

(Инвестицияларды тартуу, отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай, жер казынасын пайдалануу, туризм)

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (инвестицияларды тартуу саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча);

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин (тейлеген чөйрөлөрүндө инвестицияларды илгерилетүү боюнча);

Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун.

Инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча төмөнкүлөрдүн ишин  координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Муканбетов С.Т.)

(Финансы-экономикалык блок, Евразия экономикалык бирлиги)

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;

Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун.

4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Султанбекова Ч.А.)

(Социалдык блок)

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (маданият жана маалымат маселелери боюнча);

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (этностор аралык мамилелер боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;

“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн;

“Слово Кыргызстана” басма үйүнүн;

“Эркин Тоо” гезитинин;

Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын.

5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри

(Кенекеев Д.А.)

(Чек аралык маселелер, региондук өнүктүрүү, агроөнөр жай комплекси, суу ресурстары)

Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик  соттук-эксперттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.

Төмөнкү мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын.

_____________________