Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары

УСЕКОВ Уланбек  Абдилазизович

1978-жылдын 2-июлунда Ош шаарында туулган.
Билими жогорку. 1999-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган, саясий илимдердин бакалавры, 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1996-1999-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, стажер

2002 – 2004-жж. — К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык бөлүмү, эл аралык билим берүү программалары боюнча алдыңкы адис, бөлүм начальнигинин орун басары

2004 – 2007-жж. — КР Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, эл аралык кызматташтык жана мекендештер менен иш алып баруу боюнча бөлүм, начальник

2007 – 2008-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик кеңешчисинин жардамчысы

2009 – 2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы

2011 – 2012-жж. – «Кыргызстан Авиакомпаниясы» ААК, Кыргызстан Авиакомпаниясынын Дубай шаарындагы Өкүлчүлүгү, БАЭ, менеджер

2012–2016-жж. – «АККА» өндүрүштүк-соода компаниясы» ЖЧК, башкы директор

2016 – 2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, эксперт

2017 – 2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, мамлекеттик кызмат бөлүмү, эксперт

2018-жылдын январь айынан тарта — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги