Вице-премьер-министри

SAB_3431s

ОМУРБЕКОВА Алтынай Сейтбековна

1973-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетине караштуу Магистратура жана аспирантура борборунда “Юриспруденция” тармагында магистирдик акедемиялык даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

1996-2000-жж. – «Эридан» ӨФК АК

2000-2008-жж. – жеке ишкер

2009-2010-жж. – Аламүдүн районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, юрист

О4. – 10.2010-жж. – Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалык, юридикалык бөлүмдүн башчысы

2010-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышы, V чакырылыштагы депутат

2011-2013-жж. – Бишкек шаардык мэриясынын Ленин районунун администрациясы, администрация башчысы

2013-2015-жж. – Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов районунун администрациясы, администрация башчысы

2015-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери

2018-жылдын 20-апрелинен тарта – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри