ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

SAB_3446sАскаров Замирбек Марипбаевич

1975-жылы 11-октябрда Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган.

Билими жогорку. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин «география мугалими» адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетин “финансы жана кредит” адистигин аяктаган

Эмгек ишмердүүлүгү:

1999-2000-жж. – Ош мамлекеттик университетинин Экономика жана информатика кафедрасынын мугалими

2000-2002-жж. – ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы

2002-2006-жж. – Ош шаардык мэриясынын туризм, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрагасы

2006-2008-жж. – Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы

2008-2011-жж. – Ош шаардык мэриясынын дене тарбия, спорт жана жаштар иштери комитетинин төрагасы

2011-2012-жж. – Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы

2012-ж. – Ош облусунун Ноокат районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким

2014 – 2018 жж. – Ош шаарынын биринчи вице-мэри

2018-жылдын апрелинен – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри