Опумбаев Орозбек Найманович 

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы

Аскердик наамы: полковник

Туулган жылы: 1963

Туулган жери: Кыргыз ССРи,Фрунзе шаары.

Улуту: кыргыз

Билими

Жогорку, экономикалык

  • СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУ – кесиби экономика жана
    материалдык-техникалык жабдууну пландоо;
  • Ж.Баласагын атындагы КМУУ, Кайра даярдоо жана квалификация
    жогорулатуу Институту  – юриспруденция;
  • Казакстан Республикасы, Алматы шаары – Улуттук коопсуздук
    комитетинин жогорку курсу.

 Эмгек жолу

  • 1992-жылы улуттук коопсуздук органдарында кенже ыйгарым укуктуу
    кызматкери;
  • 1992-2002-жж. КР УКМК башкармалыктарында жетекчилик кызматтарында
    иштеген;
  • 2002-ж. КР Улуттук Коопсуздук Кызматынын Бишкек шаардык бөлүм
    башчысы;
  • 2002-2006-жж. – КР Улуттук Коопсуздук Кызматынын контрчалгындоо
    башкармалыгынын башчысы;
  • 2006-2010-жж. – КР УКМК Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкы
    башкармалыгынын башчысы;
  • 2012-2013-жж. – КР Президенттик аппаратынын коргоо жана коопсуздук
    бөлүм башчысынын орун басары;
  • 2013-2016-жж. КР УКМК Бишкек шардык Башкы башкармалыгынын башчысы;
  • 2018-2019-жж. КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары;
  • 2019-ж. 15-майынан баштап – КР УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу.

Көптөгөн мекемелик сыйлактар жана “Даңк” медалы менен сыйланган.