КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин Биринчи орун басары

АСЫМБЕКОВ Шамиль Уметович

1963-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында туулган.

Билими жогорку. 1986-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун «Экономика жана айыл чарбасын уюштуруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

1986-1988-жж. – Чүй облусунун Сокулук районунун Киров совхозу, экономист

01-11.1988-ж. – Кыргызстан Компартиясынын Сокулук райондук комитети, саясий агартуу кабинети, башчы

1988-1991-жж. – Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Көл райондук комитети, инструктор

1991-1992-жж. – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району, «Жаңы жашоо» колхозу, башкарманын орун басары

1992-1993-жж. – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, башкы инспектор

1993-1998-жж. – Чүй облусунун Сокулук району, «АШУ», «Эдиль» дыйкан чарбасы, төрага

1999-2000-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Калкты жумуштуулук менен камсыздоо департаменти, директордун биринчи орун басары

2000-2001-жж. – Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, башкы инспектор, бөлүмдүн начальниги

2001-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы, дежур консул, бөлүмдүн начальниги

2005-2007-жж. – «Шумкар» ААК, менеджер

2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, консультант

2008-2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жумуштуулук менен камсыздоо министрлиги, Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүк

20012-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, кеңешчи-консул, кеңешчи

2018-жылдын апрель айынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары