Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы

SAG_9452sЖЭЭНАЛИЕВ Алмаз Жээналиевич

1978-жылдын 11-мартында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.

Билими жогорку. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин география жана экология факультетин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиги боюнча;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Магистратура, «Мамлекеттик башкаруу» багыты боюнча; 2015-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Магистратура, «Юриспруденция» багыты боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

09.2000 – 07.2002-жж. И.Арабаеватындагы КМПУ, окутуучу;

2004 –2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы, Мергенчилик ресурстарды коргоо жана аны пайдаланууну жөнгө салуу боюнча башкы башкармалыгы, мергенчиликти жөнгө салуу бөлүмү, бөлүм башчы

2005 –2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, мергенчиликти жөнгө салуу бөлүмү, алдыңкы адис

2008 – 2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, Мергенчилик көзөмөл жана мергенчилик ресурстардын санын жөнгө салуу департаменти, мергенчилик көзөмөл бөлүмү, бөлүм башчы;

2011 –2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмү, эксперт;

01.2012 – 06.2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмү, эксперт;

06.2012 – 06.2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмү, бөлүм башчынын орун басары;

06.2015 – 02.2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмү, бөлүм башчысы;

01.2018 – 04.2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, төраганын кеңешчиси;

2018-жылдын апрелинен бери – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмү, бөлүм башчы.