Оңолбеков Алмаз Мадылбекович

Оңолбеков Алмаз Мадылбекович

Алмаз Оңолбеков 1971-жылдын 10-октябрында Фрунзе шаарында туулган. Билими жогорку: 1993-жылы Белорус мамлекеттик университетин «тарых» адистиги боюнча аяктаган.

1993-1994 — Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бажы укугу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын инспектору;

1994-1995 — Бишкек бажысынын жүк бөлүмүнүн улук инспектору;

 

1995-1996 — «Северная» темир жол бажысынын улук инспектору;

1996-1998 — Баңгизаттарды контрабандалоо жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча аймактык борбордун инспектору;

1998-2001 — Токмок бажысынын нспектору;

2001 — Бажы эрежелерин бузуу иштери боюнча бажы иликтөөлөр бөлүмүнүн улук инспектору;

2001-2002 —«Северная» темир жол бажысынын баңгизаттарды контрабандалоо жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн начальниги;

2002-2003 —«Северная» темир жол бажысынын баңгизаттарды контрабандалоо жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн башкы инспектору;

2003-2005 — Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн улук инспектору;

2005 —2007 — Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Бажы эрежелерин бузуу жана Улуттук байланыш иштери боюнча иликтөөлөр боюнча бөлүмдүн начальниги;

2007 — Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын Бажы эрежелерин бузуу жана Улуттук байланыш иштери боюнча иликтөөлөр боюнча бөлүмдүн начальниги;

2007 —2009 —«Манас» бажысынын Контрабанда, баңгизат бизнеси жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн начальниги;

2009 —Кара-балта бажысынын бажы тариздөө борборунун бөлүмүнүн начальниги;

2009-2001 — Кара-балта бажысынын бажы тариздөө борборунун бөлүмүнүн начальниги;

2011 — МБК Укук коргоо иштери боюнча башкармалыгынын карамагында;

2011-2013 — Борбордук бажынын бажы эрежелерин бузуунун алдын алуу боюнча бөлүм начальниги;

2013-2015 — МБК иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;

2015-2016 —МБК борбордук аппаратынын иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;

2017 — «Манас» бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги;

2017-2018 —«Север» ыкчам бажысынын начальниги;

2018-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.